Климаттык күн тартипке банктар кошулууда: Бишкекте УДАС 3.0 даярдоо алкагындагы климаттык каржылоо боюнча тренинг өттү

Бишкек, 2025-жылдын 22-майы — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жана Элдик Банктын катышуусунда коммерциялык банктар үчүн климаттык каржылоо боюнча тренинг өткөрдү. Бул иш-чара жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталган салымды (УДАС 3.0) даярдоонун бир бөлүгү болуп калды жана Кыргызстандын климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууга каржы секторун тартууга багытталган.

Банк сектору климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо иштеринин катышуучусу катары гана эмес, улуттук деңгээлдеги климаттык максаттарды орундатууга жигердүү өнөктөш катары да каралат. Анын бул маселеге тартылуусу көмөкчү эле эмес, өлкөбүздүн климаттык архитектурасынын стратегиялык жана бирдей укуктагы бөлүгү да болот.

Иш-чарада банк секторунун гана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусун эмес, климаттык максаттарга жетүүгө жигердүү катышууга мүмкүндүк берүүчү чечкиндүү кадамдарды талкуулоо максатында өлкөнүн алдыңкы банктар, негизги министрликтер, эл аралык уюмдар жана каржы институттарынын өкүлдөрү чогулуп, кеңири талкуу болду.

«Биз УДАС 3.0 даярдоо процессине, анын ичинде, климаттык чаралардын наркын баалоо, каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу, инновациялык чечимдерди табуу, ошондой эле, биздин милдеттенмелерди ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү маселелерине банктардын жигердүү катышуусуна үмүт артабыз», - деди Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова.

Климаттык каржылоо Кыргызстандын туруктуу экономикалык багытынын ажырагыс бөлүгү болуп баратат. Катышуучулар банктык иш-аракеттерде “жашыл” каржы инструменттерди, ESG-принциптерин, жашыл облигацияларды, туруктуу кредиттик линияларды жана климаттык тобокелдиктерди баалоо системаларын кеңири жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

БУУӨПнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева өкмөт жана Улуттук банк менен биргеликте иштелип чыгып, жактырылган жаңы долбоор тууралуу жарыялады: “Биздин максат – улуттук каржы институттарынын дараметин чыңдоо, жашыл каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана климаттык чечимдерди инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү”.

Иш-чара көмүртектүү-нейтралдуу экономикага өтүүгө негиз боло турган УДАС 3.0 климаттык иш-аракеттердин улуттук планын даярдоого басым койду.

"Элдик Банк ESG-багытында жигердүү иштеп, "жашыл" продукттарды ишке ашырып, туруктуу өзгөрүүлөрдүн таянычы болууга умтулууда. Мындай демилгелер келечектин жыргалчылыгы үчүн биргелешкен чечимдерди кабыл алууга күчтүү түрткү болоруна ишенем", - деп белгилеп кетти “Элдик Банк”ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

Өкмөт жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча жаңы программанын үстүндө 2029-жылга чейин иш алып барат, мында жашыл энергетиканы өнүктүрүүнү өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытынын бири катары кароого өзгөчө көңүл бурулууда. Программанын максаттарынын бири өлкөнү Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүсү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кошуу болуп саналат. Азыркы учурда экологиялык жактан туруктуу долбоорлорду баалоо жана каржылоо иштерин камсыздоодо жашыл таксономия кеңири жайылтылууда.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Париж келишиминин максаттарын колдой тургандыгын жана 2030-жылга чейин парник газдарынын бөлүнүп чыгарылышынын 44% кыскартуу боюнча милдеттенмесин, ошондой эле 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө көңүл бурула тургандыгын бир нече жолу тастыктаган.

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин – мөңгүлөрдүн эришин, сууга жана азык-түлүк коопсуздугуна коркунучтарды сезип жатат. Ошондуктан, банктарды жана инвесторлорду тартуу климатты гана эмес, өлкөнүн экономикалык стратегиясын ишке ашырууда зарыл шартка айланууда.

Иш-чарадагы кызуу талкуунун соңунда катышуучулар Кыргызстандын каржы рыногунун керектөөлөрүнө жана дараметтерине негизделген УДАС 3.0 камтуу сунуштарын иштеп чыгышты.

Аталган иш-чара Кыргызстанда климаттык каржылоонун улуттук архитектурасы түзүлүп жатканын тастыктады. Бул өкмөттүн, каржы секторунун жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракеттеринин натыйжасы жана Париж келишимин ишке ашыруудагы олуттуу кадам.

УДАС3.0 даярдоо маселесин колдоо БУУӨП тарабынан Climate Promise глобалдык демилгесинин алкагында БУУнун Кыргызстандагы Системасы менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан