Ошто муниципалдык жатакана курулуп жатат

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгында үч кабаттуу муниципалдык жатакана курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда мэриядан билдирди.
Маалымдалгандай, учурда имараттын 50гө жакын бөлмөсүнүн дубалдары сырдалып, терезелери толук орнотулду. Сырткы фасады жылууланып, травертин ташы менен капталып бүттү. Ички полун төшөө жана короо жайын иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.
Мэрия быйыл февраль айында өткөн элдик жыйында тургундар турак жай маселесин көтөрүшкөндүгүн айтып, көйгөйдү чечүү максатында шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев муниципалдык жатакана куруу демилгесин көтөргөндүгү билдирүүдө маалымдалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан