Кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункту иштеп баштады

Бүгүн, 22-майда кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” автомобилдик өткөрүү пункту иштеп баштады. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, өткөрүү жеке жактар жана жеңил унаалар үчүн гана жеткиликтүү. Өткөрүү пунктунун иштөөсүн жандандыруу кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөгө жана өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүүгө багытталган.
Айта кетсек, “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункту 2024-жылы сентябрда убактылуу инфраструктураны түзүү менен жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ачылган. Ал эми 1-октябрдан тарта өтүү убактылуу токтотулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан