Украина Орусия менен боло турчу экинчи сүйлөшүүгө көнгөн жок. Себеби

Украина "1000ге 1000" туткун алмашуу болмоюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын талкуулоого ниети жок. Бул тууралуу Украина президентинин аппарат жетекчиси Андрей Ермак Түндүк Европа жана Балтика өлкөлөрүнүн лидерлери менен онлайн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Биздин кадамыбыз ачык: биринчиден, "1000ге 1000" форматында туткундарды алмашуу боюнча келишим болушу керек. Экинчиси, орусиялыктар менен кийинки жолугушуунун ордун аныктоо керек", - деп белгилеген Ермак.

Ал ошондой эле согушту узартууга багытталган аракеттери үчүн Орусияга каршы санкциялык басымды күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан