Мурунку жолдошу тарабынан зордук-зомбулукка кабылып, кулагынан жана мурдунан ажыраган Асел Ногойбаева социалдык баракчасына сүрөт жүктөп, учурдагы абалы боюнча билдирүү таратты.
"Алдыда планда 3 операция бар, планда жок дагы канча операция бар экенин билбейм. Акырындап жүзүм оңолуп, өзүмө келе баштадым, шүгүр. Бул процесс чынында жеңил өткөн жок. Анткени кесилген кулак, мурдумду тилекке каршы, сактай алган жокпуз, азыр өзүмө өзүм донор болуп жатам.
Биринчиден, элиме алкыш айтам. Кырсык болгон күндөн бери биринчи айым Айгүл Жапаровна мени жана үй-бүлөмдү ар дайым колдоп келет. Ал Орусиядан дарыгерлер менен сүйлөшүп, мени табыштаган.
Жүзүмдүн өз калыбына келишине чоң салым кошкон Кыргызстандын дарыгерлерине таазим. Сыноонун аркасынан көп жакшы адамдарды кезиктирдим", - деп калтырган өз билдирүүсүн.