Бет капчан киши дагы бир үй-бүлөнү кубантты. Бул ирет кимдер? (видео)

Бет капчан киши (Человек в маске) бул ирет 14 жаштагы казакстандык Сержан аттуу балага жардам берди.

Анын ата-энеси мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. Атасынын көзү азиз. Апасынын эпилепсиясы кармап, талып калган учурлары көп болот. Ал эми бир тууган эжесинин да көрүүсү начар. Анын үй-бүлөсү бир бөлмөлүү батирде ижарада турат.

Бул туурасында Сержан бет капчан кишига айтып берип, мектептен тышкаркы учурда жүк ташуучу болуп иштээрин билдирди. Мечитке барып, намаз окуп, ата-энесинин ден соолугу үчүн дуба кылып турарын, ошондой эле анын эң кыйын кези нан таба албай калган учуру экендигин кошумчалады.

Бет капчан киши сүйлөшүүнүн акырында Сержандын ата-энеси дарыланууга барарын, анын билим алуусуна жаңы эшик ачыларын айтып, мындан тышкары жаңы батирдин ачкычын тапшырды.

Бет капчан киши дагы бир үй-бүлөнү кубантты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан