
Бүгүн, 23-майга караган түнү Сузак районунун Комсомол айылындагы менчик мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо саат 02:34тө чектөөгө алынып, 03:34тө толук өчүрүлдү.
Алдын ала маалыматка ылайык, мектептин 3-кабаты (1800 чарчы метр) өрттөнгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Учурда жеринде атайын комиссия өрттүн келип чыгуу себептерин, материалдык чыгымдарды тактоо жумуштарын алып барышууда.
Маалымат үчүн: Аталган мектеп 2016-жылдан бери иштеп келет. Ал жерде 400дөн ашуун окуучу билим алат.