
Өлкө аймагында кечээ, 22-майда 21 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 23-майда билдирди.
Кабарлангандай, өрттү өчүрүүгө 28 күжүрмөн эсеп тартылды.
Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 2, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы болду.
Министрлик кыргызстандыктарды өрт коопсуздугун сактоого чакырды.