АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм кечээ, 22-майда Гарвард университетинин чет элдик студенттерди кабыл алуу укугу жана алмашуу программасына болгон сертификатын жокко чыгарды. Бул тууралуу министрликтин расмий билдирүүсүндө маалымдалды.
Маалыматка ылайык, бул чечим учурдагы 6800дөн ашуун чет элдик студенттерди башка окуу жайларга которулууга же иммиграциялык статусун жоготууга мажбур кылат.
Министрликтин билдиришинче, Гарвард университети терроризмди колдогон чет элдик студенттерге мүмкүнчүлүк түзүп, антисемитизмге, зомбулукка жана Кытайдын Коммунисттик партиясы менен кызматташууга жол берген.
Негизги айыптоолор:
"Чет элдик студенттерди кабыл алуу - укук эмес, артыкчылык. Университеттер бул мүмкүнчүлүк аркылуу жогорку келишим акы төлөмдөрүн алып, миллиарддаган долларлык фонддорун толуктайт. Гарвард туура кадам таштоого мүмкүнчүлүк алган, бирок баш тартты. Мыйзамдарды аткарбагандыгы үчүн алмашуу программасы боюнча сертификатынан ажыратылды. Бул чечим - өлкө боюнча бардык жогорку окуу жайлар үчүн эскертүү болушу керек", - деди Ноэм.
Гарвард айыптоолорду четке кагып, бул чечимди мыйзамсыз жана академиялык эркиндикке каршы аракет катары сыпаттап, сотко кайрылганын жарыялады.
Бул чечимден кийин Гарвард жаңы чет элдик студенттерди кабыл ала албайт, ал эми учурдагы чет элдик студенттер визалык макамын сактап калуу үчүн башка окуу жайларга которулууга аргасыз болушат.