Бишкекте аялын катуу сабаган жаран кармалды

Бишкекте чогуу жашаган аялын сабаганга шектелип 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 9-мартта денесинен жаракат алган аял арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнүн жарандык күйөөсү Э.Т. тарабынан сабалып, ооруканага түшкөнүн билдирген.

"Жабырлануучунун айтымында, аялды чогуу жашап жүргөн киши мас болуп кызганычтан улам токмоктогон. Факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок 11-мартта аял эки тараптын элдешкенин айтып, экспертизадан баш тартып, жарандык күйөөсүнө доосу жок экенин билдирген. Мунун негизинде кылмыш иши козголгон эмес", - деп билдирген милиция.

Ал эми жабыркаган аял 20-май күнү кайрадан жарандык күйөөсү тарабынан сабалганын айтып, арыз менен кайрылган. Анда ал ден соолугундагы көйгөйлөрдөн улам дарыланууга муктаж экенин билдирип, жарандык күйөөсүнө карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, К.А. аттуу жаран камакка алынганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан