
Бишкекте жана Чүйдө жакынкы үч саат аралыгында катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ӨКМ билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
"Шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар! Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп билдирди министрликтен.