Казакстандын Павлодар шаардык клиникаларынын биринде иштеген хирург 5 жаштагы балага сүннөткө отургузуу учурунда оор жаракат келтиргени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттиги кабарлады.
Маалымдалгандай, соттук териштирүү жабык режимде өттү.
39 жаштагы дарыгерге Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренеси, 2-бөлүгү (Медициналык кызматкердин өз кесиптик милдетин аткарбоосу, ден соолукка оор зыян келтирүүгө алып келген) боюнча күнөө коюлуп, 1 жылга эркиндигин чектөө жазасы берилди.
Соттун маалыматына ылайык, кылмыш этиятсыздыктан жасалганы, жеңилдетүүчү жагдайлардын болгону жана оорлотуучу жагдайлардын жоктугу эске алынган. Мындан тышкары, хирург 1 жылга дарыгер-хирург болуп иштөө укугунан ажыратылып, жылына 100 сааттан коомдук эмгекке тартылат.
Белгилей кетсек, окуя 2023-жылдын жай айында болгон. Ал убакта балага туура эмес операция жасалып, жыныс мүчөсүнүн 3төн 1 бөлүгү жана заара чыгаруучу канал жабыркаган. Ошондон бери баланын дарылануусу уланууда.
Бала учурда 7 жашта. Анын апасы билдиргендей, операциядан бери үч жолу хирургиялык кийлигишүү болгон. Жакынкы күндөрү алар Түркияга төртүнчү операция үчүн жол тартмакчы. Дарыгерлер дарылоо дагы узакка созуларын айтышууда.
Маалымат үчүн: Хирургдун кесиптик тажрыйбасы - 13 жыл, ал балдар хирургиясы боюнча I квалификациялык категорияга ээ болгон. Окуядан кийин ал операция жасоодон четтетилген жана дароо кылмыш иши козголгон. Баланы Улуттук эне жана бала саламаттыгы борборунун урология бөлүмүнө жаткырышкан.