Мадриддин "Реал" клубунун капитаны жана Хорватия улуттук курамасынын жарым коргоочусу Лука Модрич быйылкы сезон соңунда клубдан кете турганын расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалымдалгандай, 39 жаштагы футболчу 24-май, ишемби күнү "Сантьяго Бернабеу" стадионунда акыркы оюнун өткөрөт.
"Мен 2012-жылы дүйнөдөгү эң мыкты команданын формасын кийүүнү жана чоң ийгиликтерге жетүүнү самап келгем, бирок андан ары эмне болорун элестеткен эмесмин. "Реалда" ойной баштагандан кийин мен чыныгы жашоону баштадым - футболчу катары да, адам катары да. Мен өзүмдү тарыхтагы эң мыкты клубдун бөлүгү катары сезем.
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн клубга ыраазычылык билдирем, өзгөчө президент Флорентино Переске, тайпамдагыларга, машыктыруучуларга жана ушул жылдардын ичинде мага колдоо көрсөткөн бардык адамдарга. Бул жылдар аралыгында мен укмуштуу учурларды башымдан өткөрдүм - мүмкүн эмес көрүнгөн жеңиштерди, финалдарды жана "Бернабеудогу" сыйкырдуу түндөрдү. Биз баарын уттук, жана мен абдан бактылуу болдум. Абдан-абдан бактылуу.
Бирок жеңиштер менен титулдардан тышкары, менин жүрөгүмдө "Реалдын" күйөрмандарынын сүйүүсү калды. Сиздер менен болгон өзгөчө байланышымды жана алган колдоону, урмат-сыйды, сүйүүнү кантип түшүндүрөрүмдү билбейм. Ар бир кол чабууну, ар бир берилген жылуу маанайды унутпайм. Мен сыймык, ыраазычылык жана унутулгус эскерүүлөргө толгон жүрөгүм менен кетип жатам.
Клубдар аралык дүйнө чемпиондугунан кийин бул форманы кийбесем да, мен ар дайым "Мадриддин" күйөрманы болуп калам", - деп жазды Модрич.
Ал "Реал" клубу менен акыркы ирет 2025-жылы АКШда өтө турган Клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугуна катышарын белгиледи. "Реалдын" расмий сайтында да ал бул мелдештен кийин клубдан кетери көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Модрич "Реалга" 2012-жылы кошулган. Ал ушул убакыт аралыгында команда менен бирге жалпы 28 наам уткан, анын ичинде 6 жолу Чемпиондор Лигасын, 4 жолу Ла Лиганы (Испания чемпиондугу).
Футболчу "Реал" курамында 590 оюн өткөрүп, 43 гол киргизген.
2018-жылы Лука Модрич дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна берилүүчү "Алтын топ" сыйлыгына татыган. Бул 2010-жылдардагы Криштиану Роналду же Лионель Месси жеңип албаган жалгыз учур болгон.