Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков менен анын мурдагы жубайы, блогер Мээрим Төлөпберген бирге видео тартышты. Мындай видеону блогер айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Көрүүчүлөрдүн суранычы боюнча, 23-майда Бишкек Аренада Мирбек Атабековдун жыйынтыктоочу концерти өтөт. Акыркы билеттер сатылууда", - деп билдирүү калтырган Мээрим Төлөпберген.
Ошондой эле ал Мирбек Атабековго видеого түшүүгө макул болуп, тартылып бергени үчүн ыраазычылык билдирип өткөн.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары аларды чогуу көргөнүнө кубанычта экенин билдирип, бакыт каалашууда.
Белгилей кетсек, Мирбек Атабеков май айында 12 күнгө созулган жеке концерт берген болчу.