Кыргызстанда бир күндө 60тай адам жүрөк оорусунан каза болууда 

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар арасында каза болгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча орто эсеп менен 20 миңден ашуун адам жүрөк-кан тамыр оорусунан каза болот. Бул күн сайын аталган оорудан 60ка жакын адам каза болуп жатканын көрсөтөт.

"Мындан улам Улуттук кардиология жана травматология борбору Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасында жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдөрдү кыскартуу боюнча стратегияларды ийгиликтүү ишке ашыра баштады. Жүрөк-кан тамыр ооруларын жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, эрте диагностикалоо жана көзөмөлдөө боюнча улуттук систем биринчи жолу Европа Бирлигинин, АКШнын, Азиянын жана башка өлкөлөрдүн ири медициналык борборлорунун заманбап технологияларын жана алдыңкы тажрыйбаларын колдонуу менен түзүлүүдө", - деп билдирген мекеме.

Ошондой эле аймактык кардиологиялык борборлорду - жүрөк-кан тамыр кластерлерин, райондук деңгээлдеги кардиологиялык бөлүмдөрдү түзүү, ушул жылы алгачкылардан болуп, Талас, Балыкчы жана Нарында ачылары кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан