Бүгүн, 23-майда Индонезиянын жээктеринде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңизи сейсмологиялык борбору билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анда белгиленгендей, жер титирөөнүн очогу 1 миллион 400 миңдей адам жашаган Суматра аралында жайгашкан Палембанг шаарынан 300 чакырым түштүк-батыш тарапта болгон.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат айтыла элек. Ал эми цунами коркунучу жарыяланган жок.