Акыркы жылдары Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо маселеси актуалдуу маселелердин бирине айланууда.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдиришинче, 2025-жылдын биринчи жарымында өлкөдө 218 миңден ашык майыптыгы бар жаран жашары аныкталган – бул калктын 3%ын түзөт. Акыркы 10 жылда алардын саны 50 миңге көбөйгөн.
БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жана милдеттенмелер
БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча Конвенциясы Кыргызстанда 2019-жылы ратификацияланып, документ ошол жылдын 24-мартында күчүнө кирген.
Ага ылайык, мамлекет майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуу, алардын коомго толук кандуу аралашуусуна шарт түзүү, жеткиликтүү чөйрө жана инфраструктура менен камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди алган. Конвенциянын талаптарын ишке ашырууда олуттуу кадамдар жасалганына карабай, бул багыттагы аракеттерди дагы да тереңдетүү жана мыйзамдардын толук ишке ашуусун камсыз кылуу үчүн кошумча иш-аракеттер зарыл.
"Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасы
Майыптыгы бар адамдарга шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасында "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасы кабыл алынган. Бул программа 2023-2030-жылдарга карата иштелип чыгып, майыптыгы бар адамдардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова программаны ишке ашыруу боюнча төмөнкүдөй маалымат берди.
"Бул программа универсалдуу дизайн жана ыңгайлаштыруу принциптерине негизделген. Универсалдуу дизайн — бул объекттерди, программаларды жана кызматтарды бардык адамдарга жеткиликтүү иштеп чыгуу жана колдонуу эрежелери. Буга – имараттар, транспорт, маалыматтык жана байланыш каражаттары кирет. Ал эми ыңгайлаштыруу — бул ар бир адам үчүн өзгөчө шарттарды түзүү аркылуу кызматтарды, билим берүүнү жана башка мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Программа айылда да, шаарда да ушул принциптерди ишке ашырууга багытталган", - деди ал.
Нормативдик ишмердүүлүк жана укуктарды коргоо
2020-жылы Кыргыз Республикасында майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш түзүлүп, майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган.
КР ЖК депутаты Дастан Бекешевдин демилгеси менен Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешке укуктук актыларды иштеп чыгууга жана аларды талкуулоого катышуу укугун берүү сунушталган. Учурда бул багытта мыйзам долбоору даярдалып, алдыда талкууга коюлат.
Дастан Бекешев мындай түшүндүрмө берди: "Майыптыгы бар адамдардын укуктарына тиешелүү бардык укуктук актылар сөзсүз түрдө түзүлгөн кеңеш менен макулдашылышы керек. Бул кадам алардын укуктарын коргоодо жана туура чечим кабыл алууда маанилүү роль ойнойт".
Салыктык жеңилдиктер жана мыйзамдык өзгөртүүлөр
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар салыктык жеңилдиктер киргизилген. 2024-жылдын 1-августунан тартып төмөнкү өзгөртүүлөр күчүнө кирди:
КР ЖК депутаты Дастан Бекешев белгилегендей, ишканалар майыптыгы бар адамдарды жумушка алса, кошумча жеңилдиктерге ээ болушат.
"Эгерде ишканада 50 адам иштесе, алардын кеминде 1–2си майыптыгы бар жаран болсо, компания жогорудагы жеңилдиктерди пайдалана алат. Эгерде ишканада 100дөн ашык кызматкер болсо жана алардын арасында 3–4 майыптыгы бар кызматкер болсо, ишкана Соцфондго төлөмдөрдү кыскартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бирок ошол эле учурда иш берүүчү квотаны аткарбаса, анда “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” негизинде айып пул салынат». Бул механизм жумуш берүүчүлөр үчүн да пайдалуу, ал эми майыптыгы бар адамдардга — иш менен камсыз болууга реалдуу шарт түзөт", – деп белгиледи депутат Дастан Бекешев.
Стратегиялык милдеттер
Кыргыз Республикасында майыптыгы бар адамдардын укуктарын толук кандуу ишке ашыруу үчүн төмөнкү иш-чараларды аткаруу зарыл:
1. Универсалдуу дизайн жана ыңгайлаштыруу принциптерин ишке киргизүү;
2. Сапаттуу билим берүү жана кесиптик өнүгүү үчүн шарттарды түзүү;
3. Майыптыгы бар адамдардын мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга активдүү катышуусун камсыз кылуу;
4. Нормативдик укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча натыйжалуу механизмдерди түзүү жана баалоо.
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо багытында иштер жүрүп жатат, бирок аларды ишке ашыруу деңгээли жетишсиз бойдон калууда.
2023-жылы Кыргыз Республикасында майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо багытында бир катар маанилүү мыйзамдар жана ченемдик актылар кабыл алынган. Жогоруда аталгандардан тышкары, билим берүү мекемелеринде инклюзивдүү шарттарды жакшыртуу, инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана мамлекеттик кызматтарга оңой жетүү боюнча укуктук негиздер жаңыртылды.
БУУнун өнүктүрүү программасы бул реформаларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет. Уюм мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, мыйзамдарды талдоого, эл аралык тажрыйбаны интеграциялоого жана Конвенциянын талаптарына шайкеш келген укуктук жана институционалдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга колдоо көрсөтүп келет.
БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен акыркы жылдары бир катар практикалык демилгелер да ишке ашырылды. Алардын катарында аймактардагы майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнун майыптык темасынада билим деңгээлин жогорулатуу, жаңсоо тилинде котормо кызматын жакшыртуу, майпытыгы бар адамдарга санариптик кызматтарды жеткиликтүүлүгун жакшыртуу жана башка багыттарда жигердүү иш аракеттерди жылдырууда. Ошондой эле БУУӨП майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча коомдун маалыматын жогорулатууда, алардын үнүн саясатка жеткирүүдө жана инклюзивдүү коомду курууда маанилүү роль ойнойт.