Индияда катуу жааган жаандан 45 адам каза болду

Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы нөшөрлүү жамгыр 45тен ашуун адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шаршемби кечинде жана бейшемби күнү эртең менен жааган жаан айрым райондорду каптап, эң көп адам каза болгон учурлар Касганж жана Фатехпур аймактарында катталды.

Читракут жана Амбедкарнагар шаарларында эки адам чагылган тийип мерт болду. Шамалдын ылдамдыгы саатына 60тан 100 метрге чейин жеткен. Гидрометеорология кызматы дарыялардын деңгээли көтөрүлүп жатканын эскертип, дүйшөмбүгө чейин бороон-чапкын уланат деп күтүлүүдө.

Индиянын бийлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык компенсация төлөп берүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берди.

Буга чейин Дели шаарында катуу жааган жамгыр жана мөндүрдөн улам эки адам каза болуп, 11 адам жаракат алганын кабарлашкан. Шаар боюнча дарактар кулап, автоунаалар жабыркап, инфраструктура талкаланып, электр жарыгы үзгүлтүккө учураганы кошумчаланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан