Бүгүн, 23-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында УКМКнын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн “Асыл мурас” балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору кабарлады.
Маалым болгондой, бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бийлик өкүлдөрү, тургундар катышты.
Ташиев жаш муунга мамлекет камкордук көрсөтүү менен, тийиштүү шарттарды түзүүгө мамлекет милдеттүү экендигин белгиледи. Андыктан өлкө аймактарындагы бала бакча көйгөйүн чечүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы имараттар курулуп жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кам көрүү менен, алардын ишмердүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө болоору белгиленди.
Белгиленгендей, бала бакчанын курулушу 2024-жылдын 1-июнунда башталган. Имараттын жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзөт. 3 жаштан 6 жаш курактагы 100 балага ылайыкталган. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси үч кабаттан туруп, ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.