Америкалык алып баруучу калпак кийип эфир алып барды (видео)

Америкалык телеканалда алып баруучу аба ырайы чыгарылышын калпак кийип алып барды. Бул тууралууу видеону АКШнын Кыргызстандагы элчилиги социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анда айтылгандай, ага калпакты Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу берген.

Маалыматта алып баруучу сый-урматтын белгиси катары калпак менен эфирге чыкканы белгиленген.

"АКШ элчилиги ӨКМдин өкүлдөрүн Америкага үч жумалык кесиптик тажрыйба алмашууга жөнөтүп, америкалык кесиптештери менен өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана чара көрүү боюнча тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп берди.

Бул International Visitor Leadership Program (IVLP) программасы аркылуу ишке ашты", - деп жазылды маалыматта.

23.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан