Трамп Орусия менен Украина туткундарды масштабдуу алмашууну аяктаганын билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосунда массалык туткун алмашуу болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашууда.

"Орусия менен Украинанын ортосундагы негизги туткун алмашуу жаңы эле аяктады. Бул сүйлөшүүлөр менен эки тарапты тең куттуктайбыз. Бул дагы жакшы багытка алып келиши мүмкүнбү? ", - деп жазган Трамп социалдык баракчасынан.

Бул арада орус-украин басылмалары согуш туткундарын кеңири масштабдуу алмашуу процесси дагы эле уланып жатканын кабарлашты.

Орусиянын Эгемендүүлүк маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Владимир Рогов өзүнүн Telegram-каналында алмашуу үч күнгө - 25-майга чейин созуларын билдирди. Анын айтымында, алмашуунун биринчи бөлүгү 23-майда болуп, анын алкагында эки тарап тең 300дөн адам жиберет.

Айта кетсек, 16-майда Стамбулда өткөн үч тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында “1000ге 1000” формуласы боюнча алмашуу жүргүзүү келишими түзүлгөн. Ал эми Украина тарап бул келишим ишке ашмайынча Орусия менен кийинки жолугушууга барбай тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан