Кыргызстандын мушкерлери Азия чемпиондугунан олжолуу кайтышты

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын жигиттери Азия чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, мелдеш Шри-Ланканын Коломбо шаарында өттү. Кыргыз мушкерлери жалпы 9 медаль жеңишти.
Алтын медалдын ээлери:
  • 86 килограмм салмакта ⁠Азирет Автандилов;
Күмүш медалдын ээлери:
  • 57 килограмм салмакта ⁠Даниил Булавкин;
  • 63,5 килограмм салмакта ⁠Мухаммед Алимбеков;
  • 71 килограмм салмакта ⁠Арваз Ахмади;
  • +92 килограмм салмакта Каримжан Именходжаев.
Коло медалдын ээлери:
  • 51 килограмм салмакта Ясур Таалайбек уулу;
  • 54 килограмм салмакта Умар Орусбаев;
  • 60 килограмм салмакта Эрлан ⁠Эргешов Эрлан;
  • ⁠67 килограмм салмакта Али Барктабасов;
Курама команда машыктыруучу Самаган Көчөрбай уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Айта кетсек, кураманын кыздары аталган мелдештен 2 күмүш, 3 коло медаль утуп алышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан