"Унаа кыймылы чектелет". Бишкекте чуркоо боюнча эл аралык жарым марафон өтөт (схема)

Эртең, 24-майда Бишкек шаарындагы "Газпром-балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде саат 7:00дө "ONE RUN" эл аралык жарым марафону старт алат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалым болгондой, ага 1000ден ашуун спортчу жана дени сак жашоо образын жактаган адамдар катышат. Алар 21,1, 10 жана 5 чакырым аралыкка чуркайт. Ошондой эле эң кичинекей катышуучулар үчүн 1 чакырым аралыкка балдардын жарышы өтөт.
Белгиленгендей, марафондун алкагында саат 6:30дан 12:00гө чейин, унаа кыймылы чектелет. Транспорт каражаттары үчүн Жайыл Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы жана Абсамат Масалиев проспекти боюнча кыймыл токтотулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан