Бүгүн, 23-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Ынтымак" аренасы оңдоп-түзөөдөн кийин колдонууга берилди. Салтанаттуу иш-чарага келгендердин арасында өзгөчө коноктор бар экендигин билдирген алып баруучу алардын атын атады.
Алар дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу кыргыз спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Эрназар Акматалиев экендиги айтылды. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбандарды шаар тургундары өзгөчө шаңдуу тосуп алышты.