
Бүгүн, 24-майда Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүү саат 06:25те орун алды. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында, Ноокен районунун Тоскоол айылында 3,5 баллга, Кара-Булак айылында 3 баллга, Массы айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.