Ошто тротуарларды калыбына келтирүү иштери түнү да жүрүп жатат (видео)

Ош шаарында тротуарларды калыбына келтирүү иштери түнү да жүрүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 24-майда мэриядан билдирип, аткарылып жаткан иштер боюнча видео жарыялады.
Маалымдалгандай, түнкү саат 23:30да Муниципалдык менчик башкармалыгынын экинчи жумушчу тобу Исанов көчөсүндөгү бетон тосмолорду жана дубалдарды алып салуу, курулуш таштандысын чыгаруу жумуштарын жасап жатат.
Аталган көчөнүн бир тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жок болгондуктан, шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык бул жумуштар жасалып жатат. Жолдун четинде лоток, жашыл аймак жана тротуар пайда боло тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Ошто тротуар маселеси чечилүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан