Ош облусунун Өзгөн шаарындагы "Тулпар" акционердик коому тарабынан автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 2001-жылдын 15-январында Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан автобекет куруу үчүн жер тилкеси бөлүнгөн. Жогоруда аталган ишканага жерди туруктуу пайдалануу укугу менен жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн шарттарды түзүүгө берилген.
Ал эми Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары 2001-жылдын 21-июлунда алардын менчигине мыйзамсыз өткөрүп берген.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө "Тулпар" ишканасынын акционерлери өз ыктыяры менен 0.41 гектар болгон объектти Өзгөн шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.