Казакстанда мектепти аяктап жаткан окуучулар бара жаткан унаа ири жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында казак басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 23-майда Жанаозенде орун алды.
Полиция Toyota Hilux, Toyota Land Cruiser 100 жана Lexus LX 450 унаалары сүзүшүп кеткендигин айтып, жол кырсыгына бүтүрүүчүлөр күнөлүү эместигин билдирди. Анда Toyota Hilux унаасынын айдоочусу бүтүрүүчүлөр бара жаткан Toyota Land Cruiser 100 унаасын ашып өтөм деп жол жээгинде турган Lexus LX 450 менен сүзүшүп алган.
Ошондой эле жол кырсыгынан эч ким жабыркабагандыгы маалыматта кошумчаланган.