Германиянын Гамбург шаарындагы автобекетте бычак менен кол салуудан кеминде 17 киши жараат алды.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, жабырлануучулардын үчөөнүн абалы оор, дагы үчөө орточо оор, ал эми алты адам жеңил жаракат алды.
Гамбург полициясы кол салган 39 жаштагы аялды кармаганын билдирди.
"Учурда биз билген маалыматтарга таянсак, ал жалгыз аракет кылган. Иштин чоо-жайы боюнча тергөө кызуу жүрүп жатат", — деп айтылат милициянын X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Полиция шектүү психологиялык кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткандыктан бул ишке баргандыгын божомолдошконун айтты. Ошондой эле ал өзүнө да кол салган.