Париж соту Ким Кардашьянды тоногон кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө өкүм чыгарды

2016-жылы Парижде Ким Кардашьянды тоноп кеткен кылмыштуу топтун лидери 69 жаштагы Аомара Аита Кедаша 8 жылга эркинен ажыратылды.

Чет элдик басылмалар билдиришкендей, Кедашанын 7 шериги жарым-жартылай же толугу менен шарттуу түрдө 3 жылдан 7 жылга чейин түрмөгө кесилди. Буга чейин өткөн убакытты эске алуу менен иш боюнча бардык айыпталуучулар сот залында камактан бошотулушту.

Мыйзамсыз курал-жарак сактоо боюнча гана айыпталган кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү 5 миң евро айыпка жыгылды.

Америкалык модель өкүмгө канааттанганын жана француз бийлигине ыраазы экенин билдирген. Кардашян белгилегендей, бул кылмыш анын жашоосундагы эң коркунучтуу окуя болгон, бирок азыр ал жашоосун жаңы барак менен баштады.

Айта кетсек, фотомоделди 2016-жылдын октябрь айында полиция кызматкерлеринин кийимин кийген куралчан адамдар Париждеги Hôtel de Puurtalès мейманканасынан түн ичинде тоноп кетишкен. Каракчылар Кардашьяндын колу-бутун байлап, оозун жаап, 9 миллион еврого жакын зер буюмдарын алып чыгып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан