
Кытайда Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы менен иш сапарда жүргөн улакчы
Манас Ниязовго сый үстүндө кытайлык кыз сүйүүсүн арнады. Ал улакчыны чыныгы күйөрманы катары жакшы көрөрүн айтып, анын оюндары менен тааныш экендигин айтты.
Социалдык желеге тараган видеодо кыздын тартынбай сүйлөшүп, кыргыз тилинде "мен сени сүйөм, мен сени жакшы көрөм" деп айтканын угууга болот. Ошондой эле ал улакчыны Яньтай шаарына чакырып, деңиз жээгин көрсөтөрүн билдирди.
Айта кетсек, буга чейин улакчынын кытайлык күйөрмандарынын курчоосунда калган видеосу
тараган.