Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков чыгармачылыкка аралашып, сахнада жүргөнүнө 20 жыл болгондугун чоң масштабдуу концерттер менен белгиледи.
Белгилүү ырчы Бишкек жана Ош шаарларында жалпысынан 16 күндүк концертин күйөрмандарына тартуулады. Ал эми жыйынтыктоочу концерти "Бишкек Аренада" кечээ, 23-майда уюштурулуп, жогорку деңгээлде болду.
Чыгармачылык кечеде ырчы 20 жыл аралыгында ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларын жандуу үн менен аткарды. Ал эми сахнадагы өзгөчө анимациялык жасалгалоо күйөрмандарды суктантты.
Ырчы социалдык баракчасына видео жүктөп, ар бир күйөрманына ыраазычылыгын билдирди.
Кошумчалай кетсек, Атабеков жакында алыскы АКШда жеке концертин берет.