"Бактылуу жар болоюн деп камындым". Ырчы Алтынай тойго кызуу даярдык көрүүдө (видео)

Белгилүү эстрада ырчысы Алтынай Асанбекова жигити менен сүйүү баянын тартып, той алдындагы кызуу даярдыгын көрүүдө.

Фотограф Эржан Кадырбеков жарыялаган видеодо ырчы келечектеги жолдошу менен Ысык-Көлдүн жээгинде жүргөнүн байкоого болот.

"Алтынайдын мукам үнү менен жүрөккө жеткен обондору элдин эсинде сакталса, бүгүн алардын махабаты ошол обондордой таза жана таасирдүү болду", - деген билдирүү калтырды Кадырбеков.

Ал эми ырчы айым келечектеги жолдошуна ыр саптарын арнап, экөө түшкөн сүрөт менен бөлүштү. Жигитинин аты Адилет экендиги маалым болду.

Айта кетсек, Асанбекованы сүйүктүүсү апрель айынын аягында анын колун сураган.

Ырчы Алтынайдын сүйүү баяны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан