Чүй облусунун Сокулук районунда окуучулар арасында массалык мушташ катталды.
Жергиликтүү басылмаларда 50гө жакын окуучу Кожомкул айылына чогулуп, мушташышкандыгы айтылды. Алар аталган айылдын жана Новопавловканын 8-9-классынын окуучулары экендиги кошумчаланды.
Ал эми Чүй облустук милициясы бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле бүгүн, 25-майда массалык мушташтын катышуучуларынын ата-энелери менен жыйын өткөрүлгөндүгү айтылды. Анда камкорчулардын милдеттери түшүндүрүлүп, мыйзамдуу жазалар жөнүндө эскертилди.
Видео turmush.kg басылмасынан алынды.