Миллиардер жана АКШнын Өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин (DOGE) башчысы Илон Маск коопсуздук маселесинен, жыйынтыктарга жетишүүдөгү кыйынчылыктардан жана анын ишмердүүлүгүнө карата айтылган сын пикирлерден улам саясаттан кетүүнү чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Маск өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн олуттуу тынчсызданууда. Ал компанияларына саясат мынчалык терс таасирин тийгизерин күткөн эместигин кошумчалаган.
Бул арада Масктын жакындары басылмаларга анын саясаттан көңүлү калгандыгын айтып, эми Tesla менен SpaceX'ти башкарууга көбүрөөк көңүл бурганы жатканын билдиришкен.
Бирок азырынча саясатчы кайсы учурда кызмат ордун тапшырып кетерин тастыктаган эмес.
Буга чейин АКШнын лидери Дональд Трамп да Илон Маск жумуштан кетерин айткан.