"Терезеден чыгып кетишти". Колумбияда катталган жол кырсыгы адам өлүмүнө алып келди

Колумбияда студенттик автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, 11 адам каза болду.

Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, кырсыкка 26 жүргүнчүсү бар автобус кабылган. Алардын 23ү Киндио департаментинен келе жаткан Гумбольдт университетинин мугалимдери жана студенттери.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу техникалык мүчүлүштүктөн улам рулду башкара албай калган. Унаа тосмону катуу сүзүп, жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгү терезеден ыргып чыгып, бийиктиктен түшүп кеткен. Жабырлануучулар медициналык мекемелерге жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан