Кытайда көздү жумуп көрүүгө мүмкүндүк берүүчү линзалар иштелип чыкты

Кытайдын Илим жана технология университетинин окумуштуулары көз жумулуп турганда да көрүүгө мүмкүндүк берген линзаларды ойлоп табышты. Изилдөө Cell журналына жарыяланганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, линзалар түнкү көрүү аппараттарынан айырмаланып, жарык толкундарын өзгөртүү менен гана иштейт. Бирок нанобөлүкчөлөр тарабынан жарык чачырагандыктан, сүрөт бир аз бүдөмүк көрсөтүлөт. Андыктан линзалар жарык диоддор сыяктуу жаркыраган инфракызыл булактарды гана көрүүгө мүмкүндүк берет.

Эксперттер технологиянын олуттуу потенциалын көрүшөт. Мисалы, мындай линзалар хирургияда колдонулушу мүмкүн, бул дарыгерлерге чоң көлөмдөгү жабдуулардын кереги жок эле, шишиктерди аныктоого мүмкүндүк берет деп эсептешет.

Окумуштуулар азырынча линзанын үстүнөн дагы иштөө керектигин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан