Мадриддик "Реалдын" жарым коргоочусу Лука Модрич Сантьяго Бернабеу стадионунда футбол клубу үчүн акыркы беттешин өткөрдү.
24-майда өткөн Испания чемпиондугунун 38-турунда "Реал Мадрид" "Реал Сосьедадга" каршы ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Беттештин соңунда Модричти күйөрмандары жылуу узатышты.
Буга чейин 39 жаштагы футболчу клубдан кете турганын билдирген.
Белгилей кетсек, Модрич "Реалга" 2012-жылы кошулган. Ал ушул убакыт аралыгында команда менен бирге жалпы 28 наам уткан, анын ичинде 6 жолу Чемпиондор Лигасын, 4 жолу Ла Лиганы (Испания чемпиондугу). Футболчу "Реалдын" курамында 590 оюн өткөрүп, 43 гол киргизген.
2018-жылы Лука Модрич дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна берилүүчү "Алтын топ" сыйлыгына татыган. Бул 2010-жылдардагы Криштиану Роналду же Лионель Месси албаган жалгыз учур болгон.