Бүгүн, 26-майда өлкө аймагындагы бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, республика боюнча быйыл 11-классты 80 миң 348 бүтүрүүчү аяктады. Мамлекеттик аттестация 2-июнда башталып, быйыл бүтүрүүчүлөр милдеттүү түрдө төрт предметтен бүтүрүү экзамендерин тапшырышат.
Бул күнү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.
Тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбой турганы эскертилди.