Өлкөнүн Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 26-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Мурзабеков, Мендебаев жана Тынаев атындагы мектептерде өткөн "Акыркы коңгуроо" аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, министр салтанаттуу иш-чарада мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин 2024-2025-окуу жылынын аякташы менен жылуу маанайда куттуктап, изги каалоо-тилектерин айтты.
Кендирбаева жаш муунду окутуп, тарбиялоо ишине кошкон салымы үчүн бир катар педагогдорго министрликтин сыйлыктарын тапшырып, ийгилик каалады.
Ошондой эле министр жогоруда аталган мектептерге мекеменин атынан компьютердик техникаларды белек кылды.