Бүгүн, 26-май күнү жалпы билим берүү мекемелеринде "Акыркы коңгуроо"салтанаттуу иш-чарасы өтүп жатат. Ички иштер министрлиги жол кырсыктарын алдын алуу үчүн ата-энелерден жана унаа тейлөө кызматынын ээлеринен бүтүрүүчүлөргө унааларды бербөөнү өтүнөт.
ИИМ алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан ата-энелерге жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө түшүндүрүү иш-чаралары жүрүп жатканын белгиледи.
Бүгүнкү салтанаттуу иш-чара убагында республика боюнча коомдук тартипти камсыздоого ИИОнун 6000ден ашык милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле тартип сакчылары тарабынан жол кыймылынын коопсуздугуна дагы өзгөчө көңүл бурулууда.