Интернетте Франциянын президенти Эммануэль Макронду жубайы Брижиттин жаакка чаап жибергени тартылган видео тарады.
Чет элдик басылмалар белгилегендей, бул көрүнүш Макрон кечээ, 25-майда Вьетнамга мамлекеттик сапары менен барганда болгон. Видеодон президенттин учагынын эшиги ачылганда анын жубайынын толук көрүнбөгөн колу пайда болуп, француз башчысын чапканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Ханойго Эммануэль Макрон жана анын жубайы Брижит Макрон Вьетнамдын президентинин чакыруусу менен барган. Мамлекеттик иш сапар 27-майга чейин уланмакчы.