Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) MBANKтын MIslamiс долбоорунун колдоосу менен өлкө боюнча имамдар арасында кеңири масштабдуу сынак өткөрмөкчү. Сынакка 2500 имам катышат. Бул иш-чара ислам укугу жана ислам банкинги боюнча диний сабаттуулукту жогорулатууга багытталган. MIslamiс бул демилгеге чоң колдоо көрсөттү.
Колдоо – жаңы стандарттарды аныктайт. MIslamiс долбоорунун бул сынакты колдоосу КМДБ менен болгон стратегиялык өнөктөштүктүн натыйжасы. MBANK Шариаттын принциптерине ылайык каржылык кызматтарды гана көрсөтпөстөн, ошондой эле мусулман жамаатынын жашоосуна активдүү катышууну максат кылат.
Билим – өнүгүүнүн негизи. Сынакка даярдануу максатында КМДБ жана MIslamiс биргелешип Кыргызстандагы бардык мечиттерге 2500 нускада эки негизги китепти чыгарып, таркатышты:
Сынак жана сыйлык тапшыруу аземи. "Мухтасар Аль-Викоя" китеби өлкөнүн бардык аймактарындагы имамдарга таратылды. 2025-жылдын 20-июнунда тестирлөө өткөрүлүп, ислам укугу жана банкинг жаатында эң мыктылар аныкталат.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 25-июнда жаңы Манас театрында MIslamiс долбоорунун колдоосу менен өткөрүлөт. MIslamiс тарабынан 570 000 сом көлөмүндөгү байге фонду бөлүнгөн. Жеңүүчүлөр арасында төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
Бул сынакта жеңилгендер жок — эң азынан ар бир имам “Мухтасар Аль-Викоя” китеби аркылуу ислам укугу жаатындагы билимдерин алат же жаңыртат.
Бул сынак Кыргызстанда ислам банкинги боюнча билимди жана баалуулуктарды чыңдоодо маанилүү кадам болуп эсептелет. Ал эми, MBANKтын MIslamiс долбоорунун КМДБ менен өнөктөштүгү өлкөдөгү диний жана билим берүү демилгелерин жаңы деңгээлге чыгарууда