Пуэрто-Рикодо 5 метрлик жылан итти жутуп алган (видео)

Пуэрто-Риконун Наранжито шаарында жергиликтүү тургун ири жыландан итин сактап кала алган эмес. Бул тууралуу Need To Know жазат.

Басылма ал киши өзүнүн 10 айлык немис овчаркасы күчүгүн издеп жүрүп, көп өтпөй ичи шишип кеткен чоң жыланды көргөнүн белгилейт. Ал анын үй жаныбарын жутуп алганын түшүнүп, досторун жардамга чакырган. Алар чогуу сойлоп жүрүүчүнү кармап, анын курсагын жарып, күчүктү алып чыгышкан. Тилекке каршы, күчүк тирүү болгон эмес.

Алар жыланды видеого тартып алышкан. Өлчөөлөр көрсөткөндөй, сойлоп жүрүүчүнүн узундугу беш метрге жеткен.

26.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан