Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнда "Baatyr Race" аттуу экстремалдык тоскоолдуктар жарышы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Казакстан менен Өзбекстандан да спортчулар катышты.
Иш-чараны Экстремалдуу атлетика федерациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.
Жарышка 18 жаштан жогорку спорт сүйүүчүлөр катыша алышты. Жалпысынан:
"Baatyr Race" жарышынын өзгөчө бөлүгү тоскоолдуктар тилкеси болду. Бул жерде катышуучулар өздөрүнүн физикалык жана моралдык сапаттарын сыноого алышты. Ал бөлүм тосмолордон, тордун алдынан соймолоп өтүүдөн, аркандардан жасалган "Өрмөк", "Эверест" (аркандар менен чыгуу), туннель жана башка тоскоолдуктардан турду.
Жеңүүчүлөргө медалдар, баалуу жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.