Орусиянын белгилүү "ВИА Гра" долбоору жабылды. Бул тууралуу аталган топтун продюсери Константин Меладзе социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал Galileo аталышындагы ыр менен бөлүшүп, бул топтун акыркы ыры экенин белгилеген.
"Бул "ВИА Гра" тобунун акыркы ыры. Мени менен 25 жыл бул долбоордо иштегендердин баарына ыраазымын", - деп жазган ал.
Меладзе белгилегендей, "ВИА Гра" жашаган мезгил эң сонун мезгил болгон, бирок ал үчүн ностальгия жок.
"Бул окуянын эң негизгиси жана эң жакшысы – сүйүү, ишеним жана үмүткө толгон ырлар. Алар дагы көп жылдар бою угулат деп ишенем. Баарына тынчтык жана бакубатчылык каалайм", - деп кошумчалады ал.
"ВИА Гра" 2000-жылы Киевде түзүлгөн. Ал түзүлгөн жылдар ичинде курамы бир нече жолу өзгөрүп, жалпысынан 20 ырчы солист катары кызмат кылган.
Топ беш студиялык альбом чыгарып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, анын ичинде "Алтын граммофон", "Муз-ТВ" сыйлыгы, "Жылдын ыры" жана башкалар.