Ысык-Көлдө аткаминер жакын тууганы менен чогуу кармалды

Ысык-Көл облусундагы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары А.М. жана анын жакын тууганы Б.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат алар алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышканын белгиледи. УКМК А.М. мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен байланышын пайдаланып, уюшкан топтун курамында Ысык-Көл районунун курорттук-рекреациялык зонасындагы жер тилкелерин жеке менчикке берүү жөнүндө токтомдорду жана башка документтерди жасалмалап жүргөндүгүн аныктаган. Андан соң кызматкер жерлерди тааныштарынын атына каттатып, үчүнчү жактарга саткан.

Учурда алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактылары боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан