Эртең, 27-майда республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Талас жергесинде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +7... +12, күндүз +19... +24 градус болот.
Ал эми башка аймактарда:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8.. +13, күндүз +21 ... +26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13... +18, күндүз +21... +26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7... +12, күндүз +18 ... +23;
Нарында түнкүсүн +8... +13; күндүз +19... +24;
Бишкекте күн бүркөк болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11... +13, күндүз +22... +24 градус жылуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.