Бишкекте 31 жаштагы Айсулуу Шамшиева дайынсыз болууда

Бишкекте 31 жаштагы Айсулуу Шамшиева дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу калаанын Ленин райондук милициясы бүгүн, 26-майда билдирди.

Ага ылайык, ал кечээ, 25-майда саат 19:20 чамасында Ала-Тоо-3 конушундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы кара, узун. Мезгилге жараша кийинген.

Агасынын айтымында, ал психикалык жактан жабыркайт.

Жогорудагы жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылса болот: (0312) 35-29-47, (0312) 35-26-71, 0705 450 553, 0773 909 465 же "102".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан