
Ички иштер министрлиги социалдык тармакта тараган жол кырсыгы тууралуу видеого байланыштуу комментарий берди.
Видеого окуяга катышкандардын бирин коопсуздук кызматынын кызматкери деп белгилешкен.
"Видеодо көрсөтүлгөн жаран ички иштер органдарына тиешеси жок. Текшерүүдө аныкталгандай, чыр-чатакка катышкандардын арасында Ички иштер министрлигинин өкүлү жок", - деп билдирди министрликтен.
ИИМ жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырды.